Ирактын түндүгүндө таасирсиз кылынган террорист саны 46га жетти

Улуттук Коргоо министрлиги, «Чеңгел-Йылдырым операциясынын аймагында аныкталган эки ПКК террористи биздин Атак тик учагыбыз менен таасирсиз кылынды»,деген маалыматты берди.

1632475
Ирактын түндүгүндө таасирсиз кылынган террорист саны 46га жетти

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Йылдырым» операциясынын аймагында дагы эки ПКК террористи таасирсиз кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги, «Чеңгел-Йылдырым операциясынын аймагында аныкталган эки ПКК террористи биздин Атак тик учагыбыз менен таасирсиз кылынды»,деген маалыматты берди.

Ошентип, операцияда таасирсиз кылынган террористтердин саны 46га жетти.

Аймакта жүргүзүлгөн издөө жана тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө табылган террорчуларга таандык үңкүр да десанттар тарабынан жараксыз абалга келтирилди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Үмит Дүндар менен Ирактын түндүгүндөгү базанын аймагын иликтеп чыкты.

Акар, Шырнакта, «Чеңгел-Шимшек» операциясы жөнөтүлүп, башкарылган жерде, «Чеңгел -Шимшек» жана «Чеңгел -Йылдырым» операцияларынын ийгиликтүү уланып жаткандыгын жана ушул убакка чейин 44 террористтин таасирсиз кылынганын, терроризмге каршы күрөштүн акыркы террорист зыянсыздандырылганга чейин улана турганын баса белгилеген.



Тектеш кабарлар