Алтун: «Кипрде бирден-бир чечим эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин болушу»

Алтун Твиттерде Кипр маселеси боюнча маалымат бөлүштү.

1632262
Алтун: «Кипрде бирден-бир чечим эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин болушу»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Кипрде бирден-бир чечим эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин болушу экендигин айтты.

Алтун Твиттерде Кипр маселеси боюнча маалымат бөлүштү.

Көптөгөн жылдардан бери чечилбей келе жаткан Кипр көйгөйүнүн, Түркиянын күчтүү эрки менен эл аралык аренада бир кыйла адилеттүү түрдө талкууланганын баса белгилеген Алтун: «Аралдагы түрктөрдү эске албай туруп Кипр маселесин чечүүгө болбойт. Кипрдеги бирден-бир чечим - эки тең укуктуу жана эгемендүү мамлекеттин болушу»,-деп айтты.

Алтун өз бөлүшүүсүндө  Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган, Кипр көйгөйүн, өткөн мезгилден бери жыйынтыксыз болуп келген сүйлөшүүлөрдү жана Кипр маселесинде Түркия Республикасынын ролун түшүндүргөн видеотасманы да камтыды.



Тектеш кабарлар