Акар Ирак чек арасындагы операция борборун иликтеди

Хулуси Акар Башкы штабдын башчысы армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрүнүн командачысы армия генералы Үмит Дүндар менен Ирактын түндүгүндөгү базаны иликтеп чыкты.

1632282
Акар Ирак чек арасындагы операция борборун иликтеди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Шимшек» жана «Чеңгел-Йылдырым» операцияларында ушул кезге чейин 44 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.

Хулуси Акар Башкы штабдын башчысы армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрүнүн командачысы армия генералы Үмит Дүндар менен Ирактын түндүгүндөгү базаны иликтеп чыкты.

Акар Шырнакта жасаган билдирүүсүндө, «Чеңгел-Шимшек» жана «Чеңгел-Йылдырым» операциялары ийгиликтүү улантылып жатканын белгилеп, ушул убакка чейин 44 террористтин жок кылынганын айтты.

Терроризм менен күрөшүүнүн акыркы террорист зыянсыздандырылганга чейин уланаарын баса белгилеген Акар: «Биз алардын бардык уясына кирдик, терроризмди токтотууга чечкиндүүбүз. Буга кудуретибиз жетет жана жасай алабыз. Бул жерде тынчтыкты жана бакубаттыкты тез арада камсыз кылабыз»,-деди.

Алардын күрөшү бир гана террористтерге каршы экендигин айткан министр Акар: «Күрт бир туугандарыбыз же жарандарыбыз менен эч кандай көйгөйүбүз жок. Биздин бирден-бир максатыбыз - терроризмди жок кылуу, акыркы террористти нейтралдаштыруу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар