Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Bayraktar TB2ге кызыгуулар

Азербайжандын Карабахта жеңишине чоң салым кошкон Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Bayraktar TB2, күн өткөн сайын абдан көп кызыгууну тартууда.

1632016
Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Bayraktar TB2ге кызыгуулар

Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары акыркы мезгилде бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду.

Азербайжандын Карабахтагы жеңишине чоң салым кошкон Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Bayraktar TB2, күн өткөн сайын чоң кызыгуу тартууда.

Google издөө тутумунан дүйнө жүзү боюнча миңдеген жолу изделген Bayraktar TB2 эң көп армяндардын кызыгуусун тартты.

Google маалыматтары боюнча Байрактар ​​TB2ни акыркы 1 жылда эң көп издөө Армениядан болгон.

Армениядан соң Азербайжан жана Түркияда көп изделди.

Греция дагы Байрактар ​​TB2ни Google издөө тутумунда эң ​​көп издеген өлкөлөрдүн катарына кирди.

2020-жылдын 27-сентябрында Азербайжан менен Армениянын ортосунда кагылышуу башталганда Bayraktar TB2ни издөө абдан өскөн.

Байрактар ​​TB2ни интернеттен издөө 4-10-октябрь аралыгында кагылышуулар күчөп турган кезде эң жогорку чегине жеткен.



Тектеш кабарлар