Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 373 киши көз жумду.

1632136
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 373 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 40 миң 504 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 242 миң 194 тест жасалып, 2 миң 615 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 28 миң 817 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 81 миң 302 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 405 миң 199га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар