Чавушоглу кыргыз жана тажик кесиптештери менен сүйлөштү

Чавушоглу кесиптештерине кол коюлган ок атышпоо келишимине канааттанганын билдирди.

1632087
Чавушоглу кыргыз жана тажик кесиптештери менен сүйлөштү
Çavuşoğlu telefon görüşmesi.jpg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы көйгөйдүн тынчтык жолу менен чечилишинин эң чоң каалоосу экендигин жана керектүү колдоонун көрсөтүлө тургандыгын айтты.

Чавушоглу кесиптештерине, кол коюлган ок атышпоо келишимине канааттанганын да билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аймакта суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы чырдан улам келип чыккан куралдуу жаңжалда эки тараптан 43 адам каза болуп, 253төн ашуун адам жаракат алды.



Тектеш кабарлар