1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүнө карата куттуктоолор

Түркияда мамлекеттик жетекчилик 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнү боюнча куттуктоолорун жарыялап жатышат.

1632025
1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүнө карата куттуктоолор
sentop.jpg
fahrettin altun.jpg
fuat oktay.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп күжүрмөн эмгеги, маңдай тери, билими жана чеберчилиги менен өндүрүш жасап, өз өнүмдөрү менен жашоого нарк кошкон бардык жумушчуларды, мамлекеттик кызматкерлерди 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнү менен куттуктады.

Шентоп, социалдык медиадан бөлүшүүсүндө эмгек- адамдарды даңктаган кадыр-барк жана баалуулук экендигин белгилеп, «Эгерде Түркия бүгүнкү күндө дүйнөнүн кадыр-барктуу мамлекеттеринин бири болуп, экономикасы, өндүрүш кубаттуулугу жана социалдык жыргалчылыгы менен болуп көрбөгөндөй күчтүү деңгээлге көтөрүлгөн болсо, анда бул албетте аял, эркек, жаш-кары дебей бүткүл өлкөгө жайылган өндүрүмдүү элибиздин маңдай теринин чыгарылышы болуп саналат»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүнө карата куттуктоо жарыялады.

Октай, социалдык медиа баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө: «Эмгектин, күжүрмөндүктүн жана жардамдашуунун күнү 1-Май, Эмгек жана Тилектештик күнү куттуу болсун. Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө эң чоң салым кошкон жумушчуларыбызга жана эмгекчилерибизге чын дилимден салам жолдойм», деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун дагы 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүнө байланыштуу Твиттердеги баракчасынан билдирүү бөлүшүп, «Эмгек жана маңдай тер - бул ыйык нерсе. Биздин жумушчулар өз эмгеги жана маңдай тери менен өлкөбүздү келечекке алып барышат. Биз бүгүнкү күнгө чейин бүт күч-аракетибиз менен жумушчу туугандарыбыздын жанында болуп келгенбиз жана мындан ары дагы алар менен бирге болобуз. 1-Май Эмгек жана Тилектештик күнүбүз куттуу болсун», деген сөздөргө орун берди.

 



Тектеш кабарлар