Вице - президент Фуат Октай ТКТРнын премьер - министри менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Женевадагы расмий эмес Кипр сүйлөшүүлөрү жана Түркия-Түндүк Кипр  Түрк Республикасынын Экономикалык жана Каржылык Кызматташтык Протоколунун алкагында жүргүзүлө турган изилдөөлөр талкууланды.

1631307
Вице  - президент Фуат Октай ТКТРнын премьер  - министри менен сүйлөштү

Вице  - президент Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсан Санер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

 Швейцариянын Женева шаарындагы расмий эмес Кипр сүйлөшүүлөрү жана Түркия-Түндүк Кипр  Түрк Республикасынын Экономикалык жана Каржылык Кызматташтык Протоколунун алкагында жүргүзүлө турган изилдөөлөр талкууланды.

Премьер-министр Санер вице-президент Октай менен абдан пайдалуу жолугушуу өткөргөндөрүн айтты.

Санер, ТКТРнын  Ковид-19 эпидемиясынын ийгиликтүү жеңип, экономикалык кыйынчылыктардан чыгып, эл аралык аренада татыктуу орунду ээлеши үчүн Түркиянын аларды толугу менен колдой тургандыгын баса белгиледи.

Ата мекен Түркиянын колдоосу менен май айынан тарта инфраструктура  иштеринин башталарын жана өлкөнүн кыска убакытта курулуш аянтчасына айланарын айткан Санер : «Алдыбыздагы күндөрдө протоколдун ишке ашышы жана ылдамдашы үчүн керек болгондор сөзсүз аткарылат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар