Түркиядан Израилге Чыгыш Кудс чакырыгы

Түркия Израилди бөгөт болуучу позициясын токтотууга чакырды.

1631383
Түркиядан Израилге Чыгыш Кудс чакырыгы

Түркия: Израиль өкмөтүн (Чыгыш Кудстагы) бөгөт болуучу позициясын токтотууга чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, кечээ палестиналык топтордун катышуусунда өткөн жыйындын аягында, Палестинада 2006-жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүшү пландаштырылган парламенттик жана президенттик шайлоону жылдыруу чечими кабыл алынгандыгы кабарланды.

Билдирүүдө палестиналык топтордун мындай чечим кабыл алышына түрткү болгон негизги себеп, Израилдин өзгөчө Палестина жетекчилигинин Чыгыш Кудастагы шайлоого байланыштуу берген арызына жооп бербеши жана шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө жол бербеши экени белгиленди.

Израиль өкмөтүн Палестинадагы шайлоону тезирээк өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн 1995-жылкы Осло Убактылуу келишиминин жоболорун сактап, ушул тоскоолдукту токтотууга чакырган билдирүүдө: «Экинчи жагынан, шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча кабыл алынган бул чечим, өлкөбүз да чоң маани берган палестиналыктардын ортосундагы макулдашуу процессине терс таасирин тийгизбейт деп үмүттөнөбүз жана бардык палестиналык топторду биримдик жана макулдашуу жолунда иш алып барууга үндөйбүз» деп айтылды.



Тектеш кабарлар