Түркия Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди

Түркия Кытайдын Синовак, проф. др. Угур Шахиндин BioNTech вакцинасынан кийин Россиянын Sputnik V вакцинасын да эмдөө программасына киргизүүдө.

1631667
Түркия Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркиянын дары-дармек жана медициналык шаймандар агенттигинин Россиянын Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат бергенин жарыялады.

Түркия Кытайдын Синовак, проф. др. Угур Шахиндин Германияда чыгарган BioNTech вакцинасынан кийин Россиянын Sputnik V вакцинасын да эмдөө программасына киргизүүдө.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө Түркиянын дары-дармек жана медициналык шаймандар агенттигинин  Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат бергенин маалымдады.

Түркияда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 22 миллиондон ашты. Биринчи дозасын алгандардын саны 13 миллиондон, ал эми экинчи дозасын алгандардын саны 9 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар