Стамбул келишиминин мөөнөтү Түркия үчүн 2021-жылдын 1-июлунда аяктайт

Аталган чечим Президенттиктин No:9 Жарлыгынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

1631213
Стамбул келишиминин мөөнөтү Түркия үчүн 2021-жылдын 1-июлунда аяктайт

Стамбул келишими деп аталган "Аялдарга карата зомбулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Европа Кеңешинин Конвенциясынын" Түркия Республикасы үчүн аяктай турганы жөнүндө чечим расмий гезитте жарыяланды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол тамгасы менен жарыяланган чечимге караганда, 2021-жылдын 19-мартындагы Президенттиктин жарлыгы менен Түркия Республикасы үчүн токтотулган келишимдин акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлу деп аныкталды.

Аталган чечим Президенттиктин No:9 Жарлыгынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.



Тектеш кабарлар