Президент Р. Т. Эрдоган Адам укуктары кыймыл планы тууралуу билдирүү жарыялады

Эрдоган адам укуктары менен эркиндиктерине байланыштуу стандарттарды жогорулатуу менен жарандардын канааттануусун көздөп, демократияны чыңдоо процесси жаңы темпке ээ болоорун баса белгиледи.

1631302
Президент Р. Т. Эрдоган Адам укуктары  кыймыл планы тууралуу билдирүү жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган Адам укуктары кыймыл планы тууралуу билдирүү жарыялады.

Эрдоган Расмий гезитте орун алган билдирүүсүндө : «Эркин адам, күчтүү коом ; дагы демократиялуу Түркия» деген көз караштын негизинде адам укуктары стандарттарын жогорулатуу максатында даярдалган Адам укуктары кыймыл планынын 2021 -  жылы 2 -  мартта коомчулукка билдиргенин эске салды.

Президент Эрдоган : «Кыймыл планында, укук жана эркиндик чөйрөсүн кеңейткен өзгөрүүлөрдөн тышкары, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү, бирдей, ачык-айкын  көрсөтүүгө байланыштуу мыйзамдарды кеңейтүү, мыйзамдарды толук иштеп чыгуу адам укугун коргоо тутумун түзүү каралууда",- деди.

Эрдоган адам укуктары менен эркиндиктерине байланыштуу стандарттарды жогорулатуу менен жарандардын канааттануусун көздөп, демократияны чыңдоо процесси жаңы темпке ээ болоорун баса белгиледи.

Адам укуктары кыймыл планына байкоо жүргүзүү жана баалоо кеңеши иш-аракеттер планын натыйжалуу ишке ашыруу жана ачык-айкын түшүнүк менен мониторинг жүргүзүү максатында министрликтердин жана коомдук мекемелердин,  уюмдардын ишин көзөмөлдөө жана координациялоо үчүн түзүлгөн.

Кеңештин 6 айда бир жолу чогуларын, иштөө тартиби менен принциптери Кеңеш тарабынан белгиленет.

 



Тектеш кабарлар