Президент Эрдоган МКЕК энергетикалык матреиалдарды өндүрүү комплекси тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Машина жана химиялык өнөр жай мекемеси Барутсан ракета жана жарылуучу заттар заводунда Энергетикалык материалдарды өндүрүү комплексинин ачылышы жана продукцияны таанытууга байланыштуу твиттерден маалымат берди.

1631409
Президент Эрдоган МКЕК энергетикалык матреиалдарды өндүрүү комплекси тууралуу маалымат  берди
erdogan mkek muhimmat.jpg
erdogan mkek muhimmat.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Машина жана химиялык өнөр жай мекемеси Барутсан ракета жана жарылуучу заттар заводунда Энергетикалык материалдарды өндүрүү комплексинин ачылышы жана продукцияны таанытууга байланыштуу твиттерден маалымат берди.

Эрдоган маалыматында : «Ачылышын аткарган жарылуучу заттар комплекси менен жаңы муундагы электрдүү гибриддик система ок өткөрбөс согуштук унаалар жана BORAN алып жүрүүгө боло турган гаубицалардын өлкөбүзгө, өнөр жайыбызга, түрк куралдуу күчтөрүнө пайдалуу болушун каалаймын»,- деди. Билдирүүдө комплекс тууралуу маалымат берген графикке да орун берилди.

Графикте комплекстин 12 айда 25 миллион долларлык инвестиция менен курулгандыгы тууралуу маалымат берилип, жылдык өндүрүш көлөмүнүн 200 тонна экендиги жана 4 584 метр квадрат аянтка курулгандыгы билдирилди.

100 пайыз жергиликтүү жана ата мекендик мүмкүнчүлүктөр менен курулган өндүрүш линиясында ракета дүрмөттөрү, пиротехникалык материалдар, курамдык ракета отундарында чийки зат катары колдонулган RDX, HMX жана CXM өндүрүлөт.

Графикте абада алып жүрүүгө боло турган  105 миллиметрлик  BORAN гаубицасынын жергиликтүү жана улуттук деңгээлде долбоорлонуп, иштелип чыккандыгы да билдирилди.



Тектеш кабарлар