Террорго каршы күрөш уланып жатат
Эрен-2 операциясында дагы 5 террорист таасирсиз кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Эрен-2 операциясында Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү 5 террористтин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.
Сүлейман Сойлу Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда: «Эрен-2 операциясында Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде дагы 5 террорист таасирсиз кылынды. Бул өлкөнүн эр жүрөк балдары, баатыр десанттарыбызга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.
Министрликтин операцияга байланыштуу билдирүүсүндө болсо, «Эрен-2 операциясынын» алкагында Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде коопсуздук күчтөрү тарабынан куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттар, Атак тик учактары жана Аба күчтөрүнүн командачылыгынын колдоосу менен операция жүргүзүлгөндүгүү кабарланды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"
Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.