"Эрен Жуди-Беста" жана "Эрен Казан-Огул" операциялары башталды

Операцияларга 352 ыкчам топ жана 5 миң 280 кызматкер катышууда.

1630481
"Эрен Жуди-Беста" жана "Эрен Казан-Огул" операциялары башталды

Ширнак жана Хаккариде 5 миң 280 кызматкердин катышуусунда "Эрен Жуди-Беста" жана "Эрен Казан-Огул" операциялары башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, "Эрен операциялары" элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланууда.

Ушул алкакта Ирактын түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел-Шимшек» жана «Чеңгел-Йылдырым» операциялары менен бир учурда жана координациялуу түрдө өлкөнүн ичиндеги жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен толугу менен алып салуу, террористтердин баш калкалоочу жайларына өтүүсүнө жол бербөө жана террористтерди таасирсиз кылуу максатында Шырнакта "Эрен Жуди-Беста", ал эми Хаккариде "Эрен Казан-Огул" башталды.

Операцияларга 352 ыкчам топ жана 5 миң 280 кызматкер катышууда.

Террорду толугу менен жок кылуу максатында 2021-жылы 11-январда башталган "Эрен операцияларынын" алкагында 22 террорист зыянсыздандырылды, 75 шериги кармалды, 666 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампалар жок кылынды, көптөгөн курал-жарактар ок-дарылар, тамак-аш жана буюмдар колго түшүрүлдү.

Бир тараптан, өлкөнүн ичиндеги операциялардын алкагында Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Авашин-Басян аймагында жүргүзүлгөн Чеңгел-Шимшек жана Чеңгел-Йылдырым операцияларында 5 террорист куралдуу учкучсуз учактар ​ менен таасирсиз кылынды.

Чеңгел операцияларында таасирсиз кылынган террористтердин саны 42ге жетти.



Тектеш кабарлар