Эрдоган Европадагы түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кабыл алуу жабык эшик артында өттү.

1630389
Эрдоган Европадагы түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европадагы айрым түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Президенттик комплексте жабык эшик артында өткөн кабыл алууда төмөнкү ысымдар болду:

«Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) төрагасы Көксал Куш, Европа Улуттук Көз караш Уюмдарынын (IGMG) төрагасы Кемал Эргүн, Европа Улуттук Биримдиги Түрк Коомдору Федерациясынын жетекчиси Шентүрк Догруйол, Европа Түрк-Ислам Биримдигинин (ATİB) төрагасы Дурмуш Йылдырым, Диянет иштери Түрк-Ислам Биримдигинин (DİTİB) төрагасы Казым Түркмен, Хайрат фондунун Европадагы өкүлү Мехмет Көроглу, Европа Эхлибейт федерациясынын жетекчиси Фуат Мансуроглу, Көз карандысыз өнөр жай жана ишкерлер ассоциациясынын (MÜSİAD) Европадагы комитетинин төрагасы Бурхан Саглам менен Бардык өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясынын (TÜMSİAD) Европадагы төрагасы Жахит Керенжилер катышты».

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы (YTB) Абдуллах Эрен жана Германиядан келген 9 түрк жарандык коомдук уюмунун жетекчилери кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп тарабынан кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар