Челик: «АКШ саясаттары диаспоралардагы армян фанат кызыкдар топторунун барымтасына алынды»

Президент жана АК Партиянын төрагасы Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Борбордук чечим жана Башкаруу кеңешинин (MKYK) жыйыны уланып жатканда Челик партиянын штабында билдирүү жасады.

1629695
Челик: «АКШ саясаттары диаспоралардагы армян фанат кызыкдар топторунун  барымтасына алынды»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп сыпатташына байланыштуу, «Биз «геноцид» деген сөздүн улутубузга, мамлекетибизге, тарыхыбызга колдонулушун эч качан кабыл албайбыз, аны колдонгондорду кескин айыптайбыз. Бул биз ар дайым токтоло турган мамиле. Бул жоопкерчиликсиз, эч кандай тарыхый негизи жок жана мыйзамсыз мамиле»,-деди.

Кечээ, президент жана АК Партиянын төрагасы Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Борбордук чечим жана Башкаруу кеңешинин (MKYK) жыйыны уланып жатканда Челик партиянын штабында билдирүү жасады.

Өмер Челик, Америка Кошмо Штаттарынын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Демократиялык партиянын да, Республикачылардын да салттуу саясатынан биринчи жолу Америка президенти баш тартканын айтты.

Тарыхый маалыматтар же укуктук негиздер менен байланышпаган кырдаалга туш болгонубузду айткан Челик, бул саясаттардын диаспоралардагы армян фанат кызыкдар топторунун толугу менен барымтасына айлангандыгын айтты.

Бул топтор Армениянын саясатын жана көптөгөн мамлекеттердин саясатын барымтада кармагандыгын айткан Челик, АКШ президентинин мындай фанат топко багынып бергенин биринчи жолу көргөнүн айтты.

Саясат жана дипломатиянын тарыхый өкүм чыгаруу чөйрөсү эмес экендигин баса белгилеген Челик: «Тарыхты оор жүккө айландыруу - бул эч кандай күч-аракетти талап кылбаган өтө жөнөкөй окуя. Тилекке каршы, биз бул жерде саясат жана дипломатия бөлүмүнөн баш тарткан өтө тар көз карашка туш болуп жаткандыгыбызды көрүүдөбүз»,-деди.

Түркиянын бул маселеге аяр мамиле кылгандыгын баса белгилеп жана 1948-жылкы Бириккен Улуттар Уюмунун геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо боюнча конвенциясына 1950-жылдан бери кошулганын белгилеген Челик, 1915-жылдагы окуяларда «геноцид» деп атоого боло турган эч кандай мазмун жана натыйжанын болбогондугу ачык жана айкын көрсөтүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар