Алтун Анадолу агенттигин бутага алган Францияга каршылык көрсөттү

Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Франциядагы мамлекеттик мекемелердин Анадолу Агенттигин (AA) бутага алгандыгы тууралуу социалдык медиада маалымат бөлүштү.

1630237
Алтун Анадолу агенттигин бутага алган Францияга каршылык көрсөттү

Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Франциядагы мамлекеттик мекемелердин Анадолу агенттигин (AA) бутага алгандыгы тууралуу социалдык медиада маалымат бөлүштү.

«Анадолу агенттигинин жаңылыктары Францияны эмне үчүн тынчсыздандырып жатат?»-деп суроо узаткан Алтун: «Сурап жатабыз. Сиздин басма сөз эркиндиги жөнүндө түшүнүгүңүз ушулбу? Антиисламизмдин жана мусулмандарды системалык басмырлоонун борборуна айланган Франция эмне үчүн басма сөз эркиндигин жана пикир эркиндигин бутага алып жатат? Эмнеден коркуп жатасыздар?

Франция мусулмандарга карата басмырлоо жана репрессиялык саясатын жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы улантып жаткандыгын көрүүдөбүз. Биз Францияга кайрылабыз. Мамлекеттик органдар аркылуу исламофобияны жайылтууну токтотуңуз. Анадолу агенттигине болгон кысымга чекит коюңуз».



Тектеш кабарлар