ТУУЖ Байдендин «геноцид» мүнөздөмөсүнө биргелешкен билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) Башкы жыйынында, АКШнын президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп мүнөздөөсүнүн айыпталышы жана четке кагылышы жөнүндөгү билдирүүсү кабыл алынды.

1629476
ТУУЖ Байдендин «геноцид» мүнөздөмөсүнө биргелешкен билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) Башкы жыйынында, Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп мүнөздөөсүнүн айыпталышы жана четке кагылышы жөнүндөгү билдирүүсү кабыл алынды.

«АКШнын президенти Жо Байдендин 2021-жылдын 24-апрелинде, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян лоббисинин айыптоолорун камтыган тезистерин кабыл алуусун, Түркия Улуу Улуттук Жыйыны катары катуу айыптайбыз, тарыхты саясий бурмалоодон башка мааниси болбогон бул негизсиз жалааларды эң күчтүү түрдө четке кагабыз»,делген билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөр камтылган: «Тарыхый маселелер тууралуу өкүм чыгарууга укуктук жана моралдык ыйгарым укуктары болбогон Америка Кошмо Штаттарынын президенти (Жо Байден) тарабынан айтылган бул билдирүү биз тараптан жокко эсе, Байденди тарыхый фактыларга туура келбеген улутубуздун абийирине терең доо кетирген ушул жаңылыш билдирүүнү өзгөртүүгө, түрк жана армян элдери баш болгон, аймактын элдери үчүн тынчтыкта, туруктуулукта жана коопсуздукта жашоо аракетин колдоого жана биздин эки тараптуу карым-катнаштарыбызга сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизе турган бул чечимден кайтууга чакырабыз. АКШнын президентинин бул билдирүүсү биз тарапта жокко эсе болуп саналат».

 

 

 



Тектеш кабарлар