Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 346 киши көз жумду.

1629500
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 346 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 39 миң 057 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 282 миң 192 тест жасалып, 2 миң 73 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 43 миң 301 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 45 миң 592 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 167 миң 263кө жогорулады.

Кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган, эпидемияга каршы күрөшүүнүн алкагында 29-апрелден 17-майга чейин бүтүндөй өлкөдө "толук карантин" ишке ашырыла турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар