Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Чеңгел - Чагылган" операциясы
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел - Чагылган» операциясында ПККнын 1 террористти жок кылынды.
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел - Чагылган» операциясында ПККнын 1 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Авашин - Басян аймактарында жүргүзүлгөн «Чеңгел - Чагылган» операцияларынын пландалгандай улантылып жаткандыгы белгиленди.
Маалыматта Авашин - Басян аймагындагы «Чеңгел - Чагылган» операциясы учурунда шейит болгон аскер канынын жерде калбай тургандыгы билдирилип, шейит кол салууга учураган аймакта аныкталган ПККнын 1 террористинин жок кылынгандыгы маалымдалды.
«Чеңгел - Чагылган» операциясында бир үңкүргө жашырынган ПККнын 3 террористи да абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. «Чеңгел - Чагылган» операцияларында жок кылынган жалпы ПКК террорист санынын 37ге жеткени маалымдалды.
Ошол эле учурда улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө улантылып жаткан "Чеңгел - Чагылган "операцияларынын негизинде аймакта колго түшүрүлгөн курал, ок - дары жана жарылууга даяр заттардын жардырылгандыгын билдирди.