Алтун АКШдагы армян террористтин эркин кое берилишине каршылык көрсөттү

Бул тууралуу Алтун өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги англисче бөлүшүүсүндө билдирди.

1629227
Алтун АКШдагы армян террористтин эркин кое берилишине каршылык көрсөттү

Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Түркиянын Лос-Анжелестеги башкы консулун шейит кылган армян террористтин эркин кое берилишинин жана тарыхый окуялар бурмаланып чыгарылган чечимдердин, ашкереликке үндөгөнүн айтты.

Алтун өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги англисче бөлүшүүсүндө АКШдагы экстремисттик армяндардын тобу тарабынан Азербайжандын желеги тагылган моделдин асылып өлүм жазасына тартылышынын кубанычтуу кыйкырыктар менен тосулуп алынгандыгын жана Азербайжандарга ачыктан-ачык коркутуулар болуп жаткан демонстрациянын да ушундай үндөөнүн натыйжасы болгонун билдирди.

Фахреттин Алтун төмөнкүлөрдү белгиледи: «Түркиянын Лос-Анжелестеги Башкы консулун 1982-жылы шейит кылган армян террористи Гарри Сассунян өткөн айда бошотулган. Мындай канкорлордун жазасыз калганы  жаңы муундагы экстремисттерди шыктандыруу үчүн гана кызмат кылганын эскерткенбиз.

Тарыхты бурмалоо АКШда жашаган азербайжандарды коркуткан армян экстремисттерин дагы кубаттайт. Биз бул абалдын курчушунан тынчсызданып жатабыз, бардык коркунучтарга каршы Азербайжандын жанында экенибизди билдиребиз жана АКШ бийлигин зарыл нерселерди жасоого чакырабыз. Лос-Анджелесте армян террористтери шейит кылган дипломаттарыбыз жөнүндө көргөзмөнү 1-майга чейин көрө аласыздар».



Тектеш кабарлар