Sputnik V вакцинасы Түркияда өндүрүлөт

Фармацевтикалык компаниянын, алдыдагы айларда Түркиянын көптөгөн ишканаларында өндүрүштү баштоону максат кылгандыгы белгиленди.

1628471
Sputnik V вакцинасы Түркияда өндүрүлөт
Covid-19 rus aşısı Sputnik V.jpg
sputnik v.jpg

Россиянын Түз инвестициялар фонду менен Түркиядагы бир фармацевтикалык компания, "Sputnik V" Ковид-19 вакцинасын Түркияда чыгаруу боюнча макулдашышты.

Россиянын Түз инвестициялар фондунун билдирүүсүндө, Sputnik V вакцинасынын Түркияда өндүрүлүшү үчүн фармацевтикалык компания менен макулдашуу түзүлгөндүгү маалымдалды.

Фармацевтикалык компаниянын, алдыдагы айларда Түркиянын көптөгөн ишканаларында өндүрүштү баштоону максат кылгандыгы белгиленди.

Sputnik V вакцинасы Россиянын Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология институту тарабынан иштелип чыккан болчу.

Ушул жылдын башында «The Lancet» журналы, бул вакцинанын эффективдүүлүгү 91,6 пайыз деп жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар