Эрдоган Байденге «геноцид» мүнөздөмөсү боюнча каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1628761
Эрдоган Байденге «геноцид» мүнөздөмөсү боюнча каршылык көрсөттү
erdogan super1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байдендин бир кылымдан ашык убакыт мурун (1915) болгон азаптуу окуялар жөнүндө «негизсиз, адилетсиз, акыйкаттыктарга терс билдирүүлөрдү» колдонгонун айтып, «Сиз «геноцид» деген белгини түрккө, түрк улутуна чаптай албайсыз»,-деди.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды 24-апрелде «геноцид» деп мүнөздөгөнүнө каршылык көрсөткөн Эрдоган:«(Бул мүнөздөмөгө) Биз радикалдык армян чөйрөсүнүн жана Түркияга каршы топтордун кысымга алуусу менен орун берилгенин ойлоодобуз»,-деп айтты.

Байдендин бир кылымдан ашык убакыт мурун болуп өткөн азаптуу окуялар жөнүндө негизсиз, адилетсиз жана чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү колдонгонун айткан Эрдоган: «Эгерде Америка Кошмо Штаттары жана Европа биз менен тарых жаатында атаандашса, анда алар ыңгайсыз абалда болушат. Муну биз эмес, европалык тарыхчылар айтышат. Эгерде геноцид деп айтсаңыз, күзгүгө каранып, өзүңө баа беришиң керек»,-деди.

«Осмон империясы армян калкын башка жакка жиберген жок, алардын өз жерлерин котортушкан. (Бул адамдарга) бир жума мөөнөт берилди, себеби барлар бошотулду»,деген маалыматты бөлүшкөн Эрдоган: «Жөнөтүүгө жана көчүрүүгө дуушар болгон армяндардын саны, АКШ отчетторунда дагы эң көп дегенде 600 миң деп көрсөтүлгөн, ал эми чыныгы көрсөткүч андан да аз»,-деди.

Президент ошондой эле көп жерлерде (ошол кезде) армяндар тарабынан кыргынга учураган түрктөргө таандык тобу менен көмүлгөн мүрзөлөр табылганын, бирок эч жерде армяндардын тобу менен көмүлгөн мүрзөлөрү табылбагандыгын баса белгиледи.

Эрдоган: «24-апрелде адамзат трагедиясы деп атагыдай эч нерсе болгон эмес. 1915-жылдын 24-апрели - Осмон империясына каршы иш алып барган уюмдарды жаап, 235 башкаруучусу камакка алынган күн. Армян бандалары түрк армиясы менен же шаарларды коргоп турган күзөтчүлөрү менен кагылышкан жок, бирок алар аялуу катмарды кыргынга учуратышты. Бардык чындыктар ортодо трурганда  сиз чыга калып, түрккө, түрк улутуна «геноцид» деген белгини чаптай албайсыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Тарыхтагы окуяларды иликтөө жана чындыкты ачуу саясатчыларга эмес, тарыхчыларга жүктөлүшү керек. Армяндык дооматтар боюнча көп жылдар бою айтылып келген биргелешкен тарыхый комиссия түзүү сунушубузга дагы деле жооп ала элекпиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар