Алтун: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тагдыры биздин тагдырыбыз»

Алтун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын Грецияда чыккан «Катимерини» гезитине берген маеги жөнүндө социалдык тармактарда билдирүү жасады.

1628221
Алтун: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тагдыры биздин тагдырыбыз»

Президенттик Аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тагдырынын Түркиянын тагдыры экендигин айтты.

Алтун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын Грецияда чыккан «Катимерини» гезитине берген маеги жөнүндө социалдык тармактарда билдирүү жасап, «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тагдыры биздин тагдырыбыз»,-деди.

Алтун, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татарды этикеткалап чыгарган жазуусунда, «Биздин идеалдарыбыз орток болуп саналат. Кипрдик түрктөрдүн максаты биздин максатыбыз. Биз кечээ болгону сыяктуу бүгүн жана эртең дагы болгон күчүбүз менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болобуз» деген сөздөрдү колдонуп чечкиндүүлүккө басым жасады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, «Катимерини» гезити менен болгон маегинде, «Түркия чоң өлкө, бул өлкөнүн кепили, ата мекен. Бул жерде (ТКТР) сөз ээси»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар