Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 347 киши көз жумду.

1628065
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 347 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 38 миң 358 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 260 миң 280 тест жасалып, 2 миң 801 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 38 миң 553 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 51 миң 236 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 73 миң 644кө жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар