Лос Анжелесте «Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды

1973-1984-жылдардагы Армения террордук уюмдарынын коркутууларына жана кол салууларына карабастан кызматында калган жана ушул максатта шейит болгон түрк дипломаттарына арналган көргөзмө чоң көңүлдү бурду.

1627818
Лос Анжелесте «Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды
sehit diplomatlar sergisi los angeles1.jpg
sehit diplomatlar sergisi los angeles.jpg

АКШнын Лос-Анжелес шаарында армян террордук уюмдары тарабынан өлтүрүлгөн түрк дипломаттарын эскерүү үчүн Түркия Республикасынын Президенттигинин коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды.

1973-1984-жылдардагы армян террордук уюмдарынын коркутууларына жана кол салууларына карабастан кызматында калган жана ушул максатта шейит болгон түрк дипломаттарына арналган көргөзмө чоң көңүлдү бурду.

Түркиянын Лос-Анжелестеги Башкы консулу Жан Огуз жана айрыкча Азербайжандын Лос-Анжелестеги башкы консулу Насими Агаев баш болуп Пакистан жана Сириядан келген өкүлдөр жана көптөгөн жарандар катышты.

Көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Жан Огуз: «Биз аларды эч качан унутпайбыз, бирок мындай күндөрдө алардын жаркын элесин дагы бир жолу эстейбиз»,-деп айтып, армян тараптын азабы жөнүндө айткандар, айрыкча шейит кеткен түрк дипломаттарынын окуяларын атайын угушу керектигин баса белгиледи.

Тарыхта болгон окуялардын үчүнчү өлкөлөрдүн саясий материалдары катары колдонуусун эч качан кабыл алышпагандыгын баса белгилеген Жан Огуз, мындай чечимдер бүгүн жана келечекте көйгөйлөрдү жаратарын айтты.

24-апрелде Стамбулда да ачылган «Шейит дипломаттарынын көргөзмөсүнүн» жакынкы апталарда АКШнын борбор шаары Вашингтондо жана Нью-Йоркто ачылышы пландалгандыгы белгиленди.

Түрк дипломаттарды бутага алган системалуу террордук кол салуулар жана киши өлтүрүүлөрдүн бардык деталдары түшүндүрүлгөн көргөзмөдө, Түркиянын 1915-жылдагы окуяларды тактоо үчүн жана чындыкты ачуу үчүн жасаган иштери көрүнүп турат.

Түркиянын Лос-Анжелестеги Башкы консулу Мехмет Байдар жана консул Бахадыр Демирдин 1973-жылы армян тектүү америкалык тарабынан АКШда шейит кылынышы, түрк дипломаттарына карай уюшкандыкта жүргүзүлгөн террордук кол салуулардын башталышы болгон.

1970-жылдары жана андан кийин ASALA жана JCAG сыяктуу армян террордук уюмдары тарабынан жасалган кол салууларда, алардын 31и дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болгон 58 түрк жараны шейит болуп, жалпысынан 77 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышкан.



Тектеш кабарлар