Алтун армян террордук уюмдарынын кыргындары жөнүндө видео бөлүштү

Алтун, кечээ өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги англисче постунда армян террордук уюмдары АСАЛА жана JCAG сыяктуу кыргындарды сүрөттөгөн видеотасманы бөлүштү.

1627822
Алтун армян террордук уюмдарынын кыргындары жөнүндө видео бөлүштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, армян террордук уюмдардын кыргындары жөнүндө видео бөлүштү.

Алтун, кечээ өзүнүн социалдык медиа эсебиндеги англисче постунда армян террордук уюмдары АСАЛА жана JCAG сыяктуу кыргындарды сүрөттөгөн видеотасманы киргизип, мындай деди: «Армян террордук уюмдары, бир катар киши өлтүрүүлөр, куралдуу кол салуулар жана жардырууларду уюштуруп Түркиянын жарандары менен катар Азербайжан, Франция, Швеция  жана АКШ жарандары да болгон ондогон бейкүнөө адамдарды кыргынга учуратты. Террор курмандыктарын Стамбул менен Лос-Анжелесте бүгүнтөн баштап көргөзмөлөр менен эскеребиз».



Тектеш кабарлар