Алтун: «1915-жылдагы окуялардын артындагы фактылар жашырыла албайт»

Бул тууралуу Алтун социалдык медиа эсебинде англис тилиндеги бөлүшүүсүндө жазды.

1627944
Алтун: «1915-жылдагы окуялардын артындагы фактылар жашырыла албайт»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун 1915-жылдагы окуялардын артындагы фактыларды жашырууга болбой тургандыгын жана алар илим, тарых, укук, диалог жана сүйлөшүү аркылуу гана ачыкка чыгарын билдирди.

Алтун социалдык медиа эсебинде англис тилиндеги бөлүшүүсүндө, «Биз 1915-жылдагы окуялардын фактылары жөнүндө сүйлөшүүгө ар дайым даярбыз. Качан жана кайсы жерде кааласаңыз дагы, биз кечээ даяр болчубуз, бүгүн дагы даярбыз, эртең дагы даяр болобуз»,деген сөздөрдү жазды.

Фахреттин Алтун өз кайрылуусунда «1915-жылдын артындагы чындыктар» деп аталган видео менен бөлүшүп, армян диаспорасы дүйнө жүзүндөгү саясатчыларга 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу жыл сайын 24-апрелдеги айыптоолорду таануу үчүн кысым көрсөткөнүн белгилеп, өтмүштө айрым өкмөттөрдүн да бул маселе боюнча саясий чечимдерди кабыл алганын эске салды.

Видеодо 1915-жылдагы окуяларды түшүнгүсү келген адам тарыхты изилдеп, ойдон чыгарылган менен чындыкты айырмалашы керектиги айтылган.

Мындан тышкары, ал Түркиянын эл аралык илимпоздорго жана тарыхчыларга изилдөөгө ачык болгон Осмон архивдерин иликтөө үчүн чакырык салынганын эске салып, президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Биз архивдерди аягына чейин ачтык. Эй армяндар, бар болсо өзүңөрдүн архивиңерди ачкыла. Келгиле, бардык архивдик изилдөөлөрдө ыйгарым укуктуу адамдарды иштетели. Андан келип чыккан көрүнүшкө жараша, саясатчы катары биз сүйлөшөлү»,-деп айтканына орун берди.

«Тарыхты чындыкты издеген тарыхчылар жазышы керек. Лобби топторунун иш-аракеттерине кабылган саясатчылар эмес»,делген видео кайрылууда, Түркиядагы армяндардын 85-патриархы Саак Машаляндын, «Элдерибиздин азабын жана ата-бабаларыбыздын ыйык элесин кээ бир өлкөлөр күнүмдүк саясий максаттарда колдонуп жаткандыгы бизди кейитет. Ушул маселенин 10 жылдан бери парламенттердин күн тартибине коюлуп келишинен келип чыккан чыңалуу эки элдин жакындашуусуна кызмат кылбайт»,деген сөздөрүнө көңүл бөлдү.

Видеодо Түркиянын чындыкка жатпаган дооматтардын  өзүнүн армян жарандары менен болгон күчтүү мамилелерине таасир этишине жол бербей турганы баса белгиленип, Түркиянын армян жамаатынын укуктарын жана диний эркиндиктин коргоосун уланта тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар