Аксунгурдун жаңы атуу аралыгы 45 чакырым болот

TUSAŞтын билдирүүсүнө ылайык, Аксуңгур дагы бир ийгиликтүү иш-аракетти аяктады.

1627962
Аксунгурдун жаңы атуу аралыгы 45 чакырым болот

Түрк авиация жана аэрокосмос өнөр жайынан (TUSAŞ) 340 килограммдык KGK-SİHA-82 менен 30 чакырым аралыктагы бутаны атуу ийгиликтүү болгон куралдуу учкучсуз учуучу аппараты (КУУА) Аксуңгурдун жакында атуу аралыгы 45 чакырымга чейин көбөйтүлүп, жаңы ийгиликке жетишүүсү максатталганы билдирилди.

TUSAŞтын билдирүүсүнө ылайык, Аксуңгур дагы бир ийгиликтүү иш-аракетти аяктады.

Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңеши (TUBITAK SAGE) тарабынан өнүктүрүлгөн KGK-SİHA-82 пайдалуу жүк менен Анкарадан көтөрүлгөн Аксуңгур, спутник менен башкарылып Синоптун асманына барып 20 миң фут бийиктиктен 30 чакырым аралыктан бутасын таамай атты.

Аксунгурдун ушул эле жүк менен жакынкы аралыкта 45 чакырымга чейинки аралыкты атуу менен жаңы ийгиликке жетүүнү көздөйт.



Тектеш кабарлар