АКШнын Элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Элчи Саттерфилдге, Түркиянын сөз болгон билдирүүгө катуу каршы чыккандыгы айтылды.

1627724
АКШнын Элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркиядагы элчиси Дэвид Саттерфилд президент Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп тааныган билдирүүсү үчүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Элчи Саттерфилдге, Түркиянын сөз болгон билдирүүгө катуу каршы чыккандыгы айтылды.

Тышкы иштер министрлиги, Байдендин билдирүүсү жараксыз экендиги катталганы билдирилип, «Жогоруда айтылган билдирүүгө биздин катуу каршы чыгуубуз элчи Саттерфилдге айтылды. Тарыхый жана укуктук негизи жок бул билдирүүнүн кабыл алгыс экендигин, толугу менен четке какканыбызды жана эң кескин түрдө айыптаганыбыз айтылды»,деген маалыматты берди.

Ошондой эле Саттерфилдге Байдендин бул билдирүүсү эл аралык укук жаатында эч кандай жарактуулугу жок экендигин, анын түрк элине катуу зыян келтиргенин жана мамилелерде калыбына келтирилиши оңойго турбаган жаракат алып келгендиги айтылды.



Тектеш кабарлар