Түркия Байдендин геноцид билдирүүсүн наалаттады

Түркия АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды геноцид катары мүнөздөгөнүн  айыптагандыгын билдирди.

1627669
Түркия Байдендин геноцид билдирүүсүн наалаттады

Түркия АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды геноцид катары мүнөздөгөнүн  айыптагандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «АКШнын президентинин 24 -  апрель күнү  1915 -  жылдагы окуялар тууралуу билдирүүсүн кабыл албайбыз жана  катуу түрдө айыптайбыз. Тарыхый маселелер боюнча чечим чыгарууга юридикалык жана моралдык жактан ыйгарым укугу жок АКШнын президентинин билдирүүсүнүн эч кандай мааниси жок»,- деп белгиленди.

"1915-жылдагы окуяларга байланыштуу, эл аралык укукта аныкталгандай, геноцид сөзүн колдонуу үчүн бир дагы шарт жок",- деп билдирилген маалыматта  : «Мындай мамиле тарыхтын бурмаланышына гана кызмат кылат. Европа Адам укуктары соту 1915 -  жылдагы окуялардын талаш  - тартыштуу мүнөзүн  ачыкча билдирген. Бир тараптан Түркиянын ал мезгилге байланыштуу илимий чындыктардын негизинде адилеттүү бир эс тутумдун түзүлүшүнө карата 2005 -  жылдагы «Биргелешкен Тарых Комиссиясынын курулушу» сунушуна  армян тарабы жакындабаса да бүгүн да күчүндө».

Маалыматта цивилизациялардын бешиги катары аталган бир географиянын  борборунда орун алган жана башынан өткөргөн бардык кыйынчылыктарга карабастан адамзаттын тынчтык жана бейкуттугу  үчүн аракет кылган Түркиянын тарыхы менен беттешүүдөн эч качан качпагандыгы баса белгиленип : «Түркия бул тууралуу АКШ жана башка эч кимден сабак албайт»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар