«Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды

Көргөзмө 1973-1984-жылдардын аралыгында армян террордук уюмдарынын коркутуулары жана кол салууларына карабастан кызматтарынан кетпеген түрк дипломаттарына арналган.

1627534
«Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды
sehit diplomatlar sergisi.jpg
sehit diplomatlar sergisi.jpg
sehit diplomatlar sergisi.jpg

Президенттиктин Коомуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Шейит дипломаттар көргөзмөсү» ачылды.

Көргөзмөдө АСАЛА жана JCAG сыяктуу армян террордук уюмдары шейит кылган түрк дипломаттарынын, атайын жасалма интеллект технологиялары менен жогорку сапатка айландырылган фотосүрөттөрүн жана окуяларын чагылдырган көрүнүштөр бар.

Армян террордук уюмдары түрк дипломаттарын өлтүргөн биринчи жер болгон АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы көргөзмө менен бир учурда Стамбулдагы Сиркежи станциясында ачылган көргөзмөнү 30-майга чейин көрүүгө болот.

Көргөзмө 1973-1984-жылдардын аралыгында армян террордук уюмдарынын коркутуулары жана кол салууларына карабастан кызматтарынан кетпеген түрк дипломаттарына арналган.

ASALA жана JCAG сыяктуу армян террордук уюмдары тарабынан жасалган кол салууларда 31и дипломат жана үй-бүлө мүчөлөрүнөн турган Түркиянын 58 жараны шейит кылынып жалпы 77 адам каза болгон жана көптөгөн адамдар жаракат алышкан.



Тектеш кабарлар