Профессор Юсуф Халачоглу : "Армян дооматтары чындыкты чагылдырбайт"

Профессор доктор Юсуф Халачоглу Фракия университети онлайн режимде өткөргөн "Армян дооматтары жана тарыхый фактылар" панелинде сөз сүйлөп,  армян дооматтарынын тарыхый документтер менен четке кагылгандыгын айтты.

1627369
Профессор Юсуф Халачоглу : "Армян дооматтары чындыкты чагылдырбайт"

Түрк тарых мекемесинин мурунку төрагасы профессор доктор Юсуф Халачоглу 1915- жылдагы окуялар боюнча айыптоолордун чындыкты чагылдырбагандыгы чет элдик булактарда да ачыкча орун алгандыгын айтты.

Профессор доктор Юсуф Халачоглу Фракия университети онлайн режимде өткөргөн "Армян дооматтары жана тарыхый фактылар" панелинде сөз сүйлөп,  армян дооматтарынын тарыхый документтер менен четке кагылгандыгын айтты.

Халачоглу өткөн мезгилден бери армяндар илимий изилдөөлөрүн бир жакка таштап, батыштык мамлекеттердин багыттоосу  менен өз ойлорун күн тартибинде сактап келгенин белгиледи.

Халачоглу АКШ менен батыш өлкөлөрүнүн армян маселесинин чечилишин каалабагандыгын, окуяларды Түркияга каршы козр катары колдонууга аракет кылынгандыгын билдирди.

Түрк Тарых Мекемеси кеңири изилдөө жана архивдик эмгектеринин натыйжасында чындыктарды ачканын айткан Халачоглу : «АКШнын, Британиянын, Франциянын, Германиянын, Улуттар лигасынын архивдерин, Россиянын жана Ирандын баардык архивдерин баштан аягына чейин изилдеп чыкты. Бул аймактардан 100 000 беттен ашуун документ чогулттук. Албетте чогулткан маалыматтар айтылганындай армяндардын геноцидге учурагандыгын же мамлекет тарабынын мунун жасалгандыгын ортого салбайт. Осмон мамлекетинин жетекчилери жолдордо армяндарга кол салып, мал  - мүлкүн тоногон жана өлтүргөндөрдү да жазаландырган. 1915 -  жылы 1673  киши сотко чыгарылган»,- деди.

Халачоглу 1914-1922-жылдар аралыгында 518 000 мусулман түрктүн армян бандалары тарабынан өлтүрүлгөндүгүн жана алардын бардыгы документтештирилгенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар