Президент Р. Т. Эрдоган : "Максат терроризмди толугу менен жок кылуу"

Президент Эрдоган Ирактын түндүгүндө террордук уюмга карата уюштурулган «Чеңгел  -  Чагылган» операциясынын командирлик борбору менен байланышты.

1627686
Президент Р. Т. Эрдоган : "Максат терроризмди толугу менен жок кылуу"

Президент Р. Т. Эрдоган Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Чагылган» операциясына байланыштуу  : «Максатыбыз түштүк чек араларыбыздагы терроризмди жана коркунучтарды толугу менен жок кылуу»,- деди.

Президент Эрдоган Ирактын түндүгүндө террордук уюмга карата уюштурулган «Чеңгел  -  Чагылган» операциясынын командирлик борбору менен байланышты.

Аскерлерге кайрылган Эрдоган : «Максатыбыз түштүк чек араларыбызда түзүүгө аракет кылынган терроризмди жана коркунучтарды толугу менен жок кылуу. Түркиянын, Ирактын жана Сириянын келечегинде жикчил террордук уюмга жана террорго орун жок. Аймагыбызга кан, көз жашы жана талкалоодон башка эч нерсе алып келбеген бул канкорлорду түп тамырынан бери жок кылганга чейин күрөшүбүздү улантабыз»,- деди.

Операцияларда улуттук жана ата мекендик коргонуу өнөр жай продукцияларын максималдуу ылдамдыкта колдонуунун өзүнчө сыймыктануу себеби болгонун белгилеген Эрдоган : «Баш калкалоочу жерлер менен үңкүрлөр бутага алынган операцияларда ушул кезге чейин көп сандаган террорист жок кылынды. Террорду түп  - тамырынан бери жок кылууда жана жарандарыбызды террордон толугу менен куткарууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Президент Эрдоган : « «Түрк аскеринин өлсөм шейитмин, калсам ардагермин» деген түшүнүк менен жүргүзгөн операцияларына туруштук бере турган эч бир күчтү тааныбайбыз. Ирактын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүү менен жүргүзүлгөн бул операция аймакта тынчтык жана бейпилдиктин орнотулушуна маанилүү салым кошот»,- деп маалымдады.



Тектеш кабарлар