Калын менен Салливан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүдө президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин телефон сүйлөшүүсүндө талкууланган маселелерге кеңири баа берилди.

1627262
Калын менен Салливан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин телефон сүйлөшүүсүндө талкууланган маселелерге кеңири баа берилди.

Эки лидер июнь айында боло турган НАТОнун саммитинде жолугушуу чечимине канааттангандыктарын билдиришип, учурда болуп жаткан келишпестиктерге карабастан Түркия-АКШ мамилелериндеги өз ара урмат-сыйдын алкагында, өнөктөштүк жана стратегиялык кызыкчылыктарга артыкчылык берилиши керектигин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар