Эрдоган Машалянга 1915-жылдагы окуялар боюнча билдирүү жолдоду

Президент Эрдоган, Түркиядагы армян патриархы Сахак Машалянга билдирүү жолдоду.

1627689
Эрдоган Машалянга 1915-жылдагы окуялар боюнча билдирүү жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз түрктөр менен армяндардын кылымдар бою жашап келген маданиятынын унутулушуна жол бере албайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган, Түркиядагы армян патриархы Сахак Машалянга билдирүү жолдоду.

Эрдоган өзүнүн билдирүүсүндө Машалянга жана кымбаттуу армян коомчулугунун мүчөлөрүнө салам жолдоп, «Биринчи дүйнөлүк согуштун катаал шарттарында өз өмүрлөрүнөн ажыраган Осмон армяндарын урматтоо менен эскерип, алардын неберелерине көңүл айтам»,деген сөздөргө орун берди.

Этностук тегине, динине, тилине жана өңүнө карабастан, ар бир адам адамзат үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Биз бул жерде кылымдар бою тынчтыкта ​​чогуу жашап келе жатабыз, ай-жылдыздуу желегибиздин көлөкөсүндө тынчтыктабыз»,- деди.

Эрдоган мындай деп улантты: «Бизди эч кандай кызыкчылык, эч кандай эсептер бириктирбейт; бизди бириктирген нерсе бир мамлекетте, бирдей эле баалуулуктарга, бирдей эле эң жогорку идеалдарыбызга  чын ыкластуу берилгендик. Түркия Республикасынын тең укуктуу, эркин жана ардактуу атуулдарынан болуу, бардыгыбыздын сыймык булагы болуп саналат. Биздин орток маданиятыбыз, армян коомчулугунун архитектура, музыка жана искусстводогу салымдары менен катар алар жетилткен көптөгөн врачтар, инженерлер, юристтер, ишкерлер жана адистердин билими жана эмгеги менен байып, өнүккөн. Түрктөр менен армяндардын кылымдар бою жашап келген маданиятынын унутулушуна жол бере албайбыз. Тарыхчылардын жасашы керек болгон изилдөөлөрдүн үчүнчү жактар ​​тарабынан саясатташтырылып, биздин өлкөгө каршы кийлигишүү куралына айландырышы эч кимге жардам берген жок. Биздин инсандыгыбызды бир гана, жан дүйнөбүздө өткөн тарыхта калган азаптардын үстүндө куруу жаңы муундар үчүн чоң адилетсиздик деп эсептейм».

«Түрктөр жана армяндар катары, эми биз бардык тоскоолдуктарды чогуу жеңүү үчүн жетилгендигибизди көрсөтүшүбүз керек»,-деп айткан президент Эрдоган билдирүүсүн мындай жыйынтыктады: «Кубанычты бөлүшүү, азапты тең бөлүшүү, тарыхтан туура сабактарды алып келечекти куруу биздин колубузда. Түркия бул маселе боюнча өз милдеттерин аткарууну уланта берет. Элибиздин бир бөлүгү болгон армян жарандарыбызга өлкөбүз жүргүзгөн бул күрөшкө көрсөткөн колдоосу үчүн рахмат айтамын».



Тектеш кабарлар