Эмине Эрдоган балдар менен жолугушуусу тууралуу пост бөлүштү
Эмине Эрдогандын билдирүүсүндө, президент Эрдоган экөө катышкан ифтардын фотосүрөттөрү да орун алды.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамында балдар менен ооз ачуу кечесиндеги жолугушуусу тууралуу пост бөлүштү.
Эмине Эрдоган Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда: «Мамлекеттик конок үйүндөгү ифтар дасторкону бул ирет Балдар үйлөрүндө жашаган балдарыбыз үчүн уюштурулду. Биз 23-Апрель кубанычын чогуу өткөрдүк. Бардык балдарыбызга жакшы келечек каалайм жана аларды сүйүү менен кучактайм»-деди.
Эмине Эрдогандын билдирүүсүндө, президент Эрдоган экөө катышкан ифтардын фотосүрөттөрү да орун алды.
Кечээ президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамында балдар менен ооз ачуу кечесине катышып, Эрдоган жубайлары балдарга өз-өзүнчө көңүл бөлүп фотосүрөткө да түшүшкөн болчу.