Чавушоглу: «Ооган боордошторубузду колдообуз күчтүү түрдө улантылат»

Мевлүт Чавушоглу, Стамбулда Түркия-Ооганстан-Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

1627261
Чавушоглу: «Ооган боордошторубузду колдообуз күчтүү түрдө улантылат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ооганстандагы тынчтык жараяны жөнүндө, «Биздин тынчтыкка карай иш-аракеттерибиз жана ооган боордошторубузду колдообуз мындан ары дагы улантылат»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, Стамбулда Түркия-Ооганстан-Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү.

Ооганстан жана Пакистандын Түркия үчүн бир тууган өлкөлөр элдеринин да бир тууган элдер экендигин билдирген Чавушоглу, Түркия бул өлкөлөр менен тарыхтан келген бекем байланыштары бар экендигин баса белгиледи.

Чавушоглу бүгүнкү үч тараптуу жолугушууда аймакта тынчтык, туруктуулук жана коопсуздук орнотуу менен элдердин жыргалчылыгы үчүн үч тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун белгилеп, айрыкча Ооганстандагы тынчтык жараяны талкууланганын баса белгиледи.

Министр Чавушоглу: «(Ооганстандагы тынчтык жараяны) Мындан ары биздин тынчтыкка карай иш-аракеттерибиз жана ооган боордошторубузга болгон колдообуз, албетте, улантыла берет»,-деп айтты.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши дагы: «Ооганстандагы бирден-бир чечим - бул сүйлөшүү жолу менен саясий чечим»,-деди.

Ооганстандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар болсо: «Ооганстан тынчтык жараянын жактайт. Бардык кызыкдар тараптарды камтыган жолугушууну өткөрүүгө биздин каалообуз бар»,-деди.

Түркия, Пакистан менен Ооганстан биргелешкен билдирүүсүндө, Талибанга камтуучу жана сүйлөшүлгөн макулдашууга баш ийүү боюнча чакырык салынды.

Билдирүүдө Ооганстан Тынчтык сүйлөшүүлөрүн тездетүү үчүн Стамбулда жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштуруу үчүн Түркия, Катар жана БУУнун (БУУ) аракеттери жогору бааланды.



Тектеш кабарлар