Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 343 киши көз жумду.

1627187
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 343 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 37 миң 672 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 302 миң 91 тест жасалып, 3 миң 89 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 49 миң 438 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 60 миң 176 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 970 миң 111ге жогорулады.



Тектеш кабарлар