Кирякос Мичотакис : "Эрдоган менен сүйлөшүүбүз керек"

Мичотакис түрк  - грек карым  - катнаштарынын эми Түркия   - Европа карым  - катнаштарына айлангандыгын да ортого салды.

1626747
Кирякос Мичотакис : "Эрдоган менен сүйлөшүүбүз керек"

Грециянын премьер  - министри Кирякос Мичотакис президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушарын белгилеп : «Жолугушуу болот анткени сүйлөшүүбүз керек. Жолугушуунун кечикпей турганына ишенем»,- деди.

Мичотакис менчик телекөрсөтүү каналына берген маалыматта түрк  - грек карым  - катнаштары тууралуу маалымат берди. Мичотакис Эрдоган менен жолугушуусу тууралуу берилген суроого : «Эрдоган менен жолугушамын. Мунун качан болорун айта турган абалда эмесмин. Жолугушуу болот анткени сүйлөшүшүбүз керек. Жолугушуунун кечикпей турганына ишенем»,- деп жооп берди.

Мичотакис түрк  - грек карым  - катнаштарынын эми Түркия   - Европа карым  - катнаштарына айлангандыгын да ортого салды.



Тектеш кабарлар