Билим берүү министри окуучулар менен мавзолейди зыярат кылды

Министр Зия Селчуктун жетекчилигиндеги министрликтин кызматкерлери менен мугалимдерден, окуучулар жана ата – энелеринен турган делегация Арыстандуу  жолдон басып Гази мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине барды.

1626959
Билим берүү министри окуучулар менен мавзолейди зыярат кылды
ziya selcuk anitkabir 23 nisan.jpg
ziya selcuk anitkabir 23 nisan.jpg

Билим берүү министри Зия Селчук 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам мавзолейди зыярат кылды.

Министр Зия Селчуктун жетекчилигиндеги министрликтин кызматкерлери менен мугалимдерден, окуучулар жана ата – энелеринен турган делегация Арыстандуу  жолдон басып Гази мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине барды.Селчуктун мазолейге гүл чамбар коюшунан кийин бир минуталык эскерүү болуп, гимн аткарылды.

Аныткабырдын тепкичтеринде эстелик сүрөткө түшкөндөн кийин министр Сулчук Мисак – ы Милли мунарасында Аныткабырдын атайын дептерине буларды жазды : «Республикабыздын куруучусу, Ардагер парламентибиздин биринчи спикери, башкы мугалим Мустафа Кемал Ататүрк,  Түркия Улуттук Парламентибиздин курулушунун 101 -  жылын жана Улуттук эгемендик жана балдар майрамын майрамдоо үчүн 18 миллион окуучум жана 1 миллион мугалимимдин атынан алдыңыздамын. Элибиз эркиндигин жоготуу менен бетме  - бет келген, улуттук жашоосу коркунуч астында болгон тарыхый бир бурулушта  : «Элдин эркиндигин элдин чечкиндүүлүгү куткарат»,- деп чечкиндүүлүк менен жол көрсөтүүңүз, улуттук эркти жогору коюп улуу парламентибиздин түптөлүшүнө шарт түзүүңүз тарыхыбыздын эң маанилүү окуяларынын бири».

Селчук Ататүрктүн балдарга сүйүүсүн адамга болгон сүйүүнүн негизине жайгаштыргандыгын жана балдарга 23 -  Апрелди майрам катары белек кылгандыгын эске салып, ошондуктан алардын өздөрүн баалуу деп эсептеп, келечекке үмүт менен карагандыгын айтты.



Тектеш кабарлар