Түркия менен Катардын коргонуу боюнча кызматташтыгы чыңдалууда

Бул тууралуу Катардын кабар агенттиги (QNA) маалымат берди.

1626238
Түркия менен Катардын коргонуу боюнча кызматташтыгы чыңдалууда

Катардын Башкы штабынын башчысы Ганим бин Шахин аль-Ганим борбор шаар Дохада Түркиянын Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир менен коргонуу кызматташтыгы темаларын талкуулады.

Катар Кабар агенттигинин (QNA) берген маалыматына караганда, Дохага барган Демир, Ганим менен болгон жолугушуусунда Катар Куралдуу күчтөрү менен Коргоо Өнөр жайынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Катардын Түркиядан алган коргонуу өнөр жайынын өнүмдөрүнүн арасында Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппараттары, кемелер жана зыяндарды көзөмөлдөө боюнча машыгуу симулятору бар.

2019-2020-жылдар аралыгында Түркиядан Катарга 220 миллион доллардан ашуун коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай өнүмдөрүнүн экспорту жасалды.

2021-жылдын алгачкы үч айында жасалган экспорт 18,1 миллион долларды түздү.



Тектеш кабарлар