Эрсин Татар президент Эрдоган менен жолугушат

Эрсин Татар Министрлер кеңешинин жыйыны уланып жатканда билдирүү жасады.

1626133
Эрсин Татар президент Эрдоган менен жолугушат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти (Түндүк Кипр) Эрсин Татар 26-апрелде Анкара шаарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша тургандарын билдирди.

Эрсин Татар кызматына киришкенден кийин биринчи жолу төрагалык кылган Министрлер кеңешинин жыйыны уланып жатканда билдирүү жасады.

Татар 27-29-апрелдеги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилиги астында жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британиянын да катышуусунда 5 + БУУ форматындагы расмий эмес Кипр темалуу жыйындын алдында 26-апрель дүйшөмбү күнү президент Эрдоган менен жолугуша тургандарын маалымдады.

Татар, Түркия менен биргеликте Кипр түрк тарабынын Швейцариянын Женева шаарында ортого сала турган жаңы саясаттын, башкача айтканда эгемен тең укуктуулуктун негизинде жанаша жашаган эки мамлекеттин эми чечим табуунун бирден-бир реалдуу жолу экенин айтты.



Тектеш кабарлар