Эрдоган:«Трансформацияда глобалдык деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык чоң мааниге ээ»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттары тарабынан уюштурулган жана 40 өлкөнүн лидерлери катышкан виртуалдык Климат Саммитине түз байланыш аркылуу катышты.

1626684
Эрдоган:«Трансформацияда глобалдык деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык чоң мааниге ээ»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Башка тармактарда, айрыкча жашыл трансформацияда глобалдык деңгээлде стратегиялык кызматташтыкты орнотуу чоң мааниге ээ»,- деди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан уюштурулган жана 40 өлкөнүн лидерлери катышкан виртуалдык Климат саммитине түз байланыш аркылуу катышкан президент Эрдоган: «Биздин салымыбыз боюнча билдирүүгө ылайык, 2012-2030-жылдар аралыгында 1 миллиард 920 миллион тонна парник газдарынын бөлүнүп чыгышынын алдын алабыз»,-деп айтты.

Эрдоган акыркы 18 жылдын ичинде Түркиянын токой байлыгын 20,8 миллион гектардан 23 миллион гектар аянтка жеткиргендерин белгиледи.

«Таштанды чыгарбоо долбоору менен, таштандыларды кайра иштетүү ылдамдыгын 2035-жылы 60 пайызга жеткиребиз»,-деп айткан президент Эрдоган: «Парник газдарынын эмиссиясында дээрлик тарыхый жоопкерчилиги болбогон Түркия, глобалдык климат режиминде адилеттүү абалда бааланышы керек. Башка тармактарда, айрыкча жашыл трансформацияда глобалдык деңгээлде стратегиялык кызматташтыкты орнотуу чоң мааниге ээ».

Эрдоган: «Биз окшош экономикалык деңгээлдеги өлкөлөр менен бирдей шартта глобалдык климаттык иш-аракеттерге өз салымыбызды кошууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар