Эрдоган Климат саммитине катышат

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин 40 мамлекеттин жана Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлерине 26-марттагы чакыруусу боюнча АКШ тарабынан уюштурулган Климаттык саммит бүгүн өтөт.

1625991
Эрдоган Климат саммитине катышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган виртуалдык чөйрөдө өтө турган Климат саммитине катышат.

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин 40 мамлекеттин жана Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлерине 26-марттагы чакыруусу боюнча АКШ тарабынан уюштурулган Климаттык саммит бүгүн өтөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жасаган билдирүүдө Климаттык саммитте жакынкы 10 жылдагы көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу, климаттык иш-аракеттердин экономикалык пайдасы, айрыкча жумуш менен камсыз кылуу түркүгү, трансформация технологиялары жана глобалдык климаттын өзгөрүшү үчүн иштеп жаткан мамлекеттик эмес актерлорду таанытуу маселелерине көңүл бурулаары айтылган.

Билдирүүдө, «Саммиттин негизги максаты - ири экономикаларды, айрыкча, дүйнөдөгү эмиссиялардын 80 пайызын жана ички дүң өнүмдүн 80 пайызын түзгөн климат жана энергетика боюнча ири форумдун мүчөлөрүн жыл сайын глобалдык жылуулукту 1,5 градуска чейин азайтуу максатына жетишүүгө үндөө»,деген маалымат камтылган.

Саммитке Эрдогандан тышкары, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин жана католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск баш болгон 40 мамлекеттин лидерлери катышат.

Президент Эрдогандын биринчи отурумда сөз сүйлөй турган саммиттин ачылышын АКШ президенти Байден жана вице-президент Камала Харрис жасайт.



Тектеш кабарлар