Энергетика министри: «Түркиянын биринчи FSRU кемеси өлкөгө жетти»

Узундугу 295 метр жана туурасы 46 метр болгон «Эртугрул Гази» кемесинин бийиктиги 63 метр.

1626459
Энергетика министри: «Түркиянын биринчи FSRU кемеси өлкөгө жетти»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын деңиз регистринде катталган биринчи сүзүп жүрүүчү LNG сактоо жана газдаштыруу (FSRU) кемеси «Эртугрул Газинин» Түркияга жеткендигин билдирди.

Дөнмез Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, «Эртугрул Газинин» Түркиянын желегин желбиреткен биринчи сүзүп жүрүүчү LNG сактоочу жана газдаштыруучу кемеси экенин белгиледи.

Узундугу 295 метр жана туурасы 46 метр болгон «Эртугрул Газинин» бийиктиги 63 метр.

Кеменин сертификатталгандан кийин Хатайдын Дөртйол районундагы портко токтогондугун билдирген Дөнмез: «Сыноодон өткөндөн кийин пайдаланууга бериле турган кемебиз өлкөбүздүн жаратылыш газ коопсуздугуна салым кошот. Өлкөбүз үчүн пайдалуу болсун»,- деп айтты.

Өткөн жылы Түштүк Кореяда курулган бул кеме күнүмдүк 28 миллион кубометрди түзгөн газдаштыруу кубаттуулугу менен дүйнөдөгү эң жогорку сыйымдуулукка ээ кемелердин бири.

Кеменин LNG сактоочу көлөмү 170 миң куб метрди түзөт.

Түркия, буларга салган инвестицияларынын негизинде жылдык керектөөсүнүн 20 пайызына туура келген 10 миллиард кубометр жаратылыш газын сактоону максат кылууда.



Тектеш кабарлар