Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 362 киши көз жумду.

1625923
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 362 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 36 миң 975 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 318 миң 839 тест жасалып, 2 миң 932 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 61 миң 967 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 52 миң 213 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 844 миң 342ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар