Эрдоган Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Эрдоган, партиясынын жыйынында сөз сүйлөдү.

1625634
Эрдоган Чавушоглуна ыраазычылык билдирди

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас менен өткөргөн жыйында берген жооптору үчүн ыраазычылык билдирди.

Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, өткөн жумада борбор шаар Анкарага келген Грециянын тышкы иштер министринин, кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен өткөргөн маалымат жыйынына басым жасады.

Эрдоган: «Тышкы иштер министрибизге, Грециянын тышкы иштер министри менен өткөргөн жыйында берген жооптору үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Биз эч качан башыбызды ийбейбиз жана тик турууну улантабыз. Биздин эл эч качан мойнунда кулчулук чынжыры менен жашай турган эл эмес»,-деди.

Чавушоглу Дендиас менен өткөргөн маалымат жыйында: «Ушул биринчи жолугушуунун позитивдүү маанайда уланышын каалаган элек бирок Никос Дендиас сүйлөгөн сөзүндө тилекке каршы өлкөбүзгө каршы кабыл алынгыс айыптоолорду койду. Биринчиден Түркиянын Грециянын эгемендик укуктарын бузгандыгын айтты. Муну кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Түркия Республикасы өз укуктарын, өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Кипр түрк укуктарын коргоого милдеттүү жана ташаган кадамдарыбыз да өз укуктарыбызды коргоону көздөйт. /.../ Бул жерге келип Түркияны күнөөлөсөңүз, мен дагы буларга жооп бергенге аргасыз боломун. Мындан тышкары Түркияда биз рум православ азчылыгын рум православ катары кабыл алуудабыз бирок сиз "Мен түркмүн" деген түрктөргө "Жок, сен түрк эмессиң, бир гана мусулмансың" деп айтканыңыз да адамдык сапатка жатпайт жана эл аралык мыйзамга да туура келбейт»,- деп жооп берген болчу.



Тектеш кабарлар