Түркия ТКТРга дагы 40 миң доза вакцина жөнөттү

Бул вакциналар менен бирге Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жөнөткөн вакциналардын саны 140 миңге жетти.

1624574
Түркия ТКТРга дагы 40 миң доза вакцина жөнөттү

Түркия коронавируска (Koвид-19) каршы күрөштүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) дагы 40 миң доза Синовак вакцинасын жөнөттү.

Бул вакциналар менен бирге Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жөнөткөн вакциналардын саны 140 миңге жетти.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Эрсан Санер Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Ковид-19га каршы күрөшүбүздү сиз элибиз жана Түркиянын колдоосу менен натыйжалуу түрдө улантып жатабыз. Бүгүн кечинде Түркиядан дагы 40 миң SINOVAC вакцинасы өлкөбүзгө келет. Түркияга чын ыкластан ыраазычылык билдиребиз. Эрежелерге менен чектөөлөргө бай ийели»,-деди.



Тектеш кабарлар